www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самарканд автомобиль заводунун («СамАвто») эки кызматкеринен коронавирус аныкталгандан кийин жүздөй жумушчу 14 күндүк карантинге алынды. Бул тууралуу чет элдик булактар жазып чыкты.

“Оздоликтин” өз булактары «СамАвто» жетекчилиги заводдун жабылышынан кооптонуп, коронавирустун жайылышы боюнча чыныгы масштабды жашырууда деп эсептешет.

Маалыматка караганда, биринчи кызматкерден вирус эки апта мурун, экинчисинен 22-июнда табылган. Алардын биринин абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

22-июндан тартып жумушчулар түнкү нөөмөт менен иштөөнү токтотту.

Буга чейин карантин маалында Анжиян шаарындагы өзбек-корей биргелешкен «UZ DONG YANG CO» ишканасынын жумушчулары 15 күндөн заводдо түнөп иштеп жатышканы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости