www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Курман айт – адамзатты ынтымакка, кайрымдуулукка, сабырдуулукка жана кечиримдүүлүккө чакырган улуу майрам. Бул күндөрү эл-журт бири-бирине жылуу сөз айтып, муктаждарга жардам көрсөтүп, руханий тазаланууга умтулат. Мындай асыл сапаттар элибиздин кылымдарды карыткан нарк-насилинин жана маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Кыргыз эли эзелтен ынтымакты, биримдикти жана адамгерчиликти туу туткан касиеттүү калк. Курман айт майрамы ушул баалуулуктарды дагы бир ирет бекемдеп, коомдогу өз ара урмат-сыйды жана бир туугандык мамилени чыңдайт. Айрыкча бүгүнкү өзгөрүүлөргө бай заманда элибиздин биримдиги, мамлекетибиздин туруктуулугу жана коомдогу тынчтык эң чоң байлык экенин баарыбыз терең сезип турабыз. Анткени элдин биримдигин бекемдөө жана руханий баалуулуктарды сактоо өлкөнүн келечеги үчүн өзгөчө маанилүү. Күчтүү мамлекет – ынтымактуу элден куралат.

Кадырлуу мекендештер!

Курман айт майрамы ар бир үйгө кут-береке, кубаныч жана жакшылык алып келсин. Жараткан элибизге тынчтык, өлкөбүзгө өнүгүү, ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай жана токчулук насип этсин. Жасаган жакшы амалдарыңыздар, чалган курмандыктарыңыздар жана аруу тилектериңиздер кабыл болсун!

Ыйык Курман айтыңыздар маарек болсун!

Последние новости