www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жарандардын жеке маалыматтарын жана аккаунттарын уурдоого багытталган интернет-алдамчылык аракеттери көбөйүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги эскертти.

ИИМдин маалыматына ылайык, алдамчылар өздөрүн уюлдук байланыш операторлорунун, банктардын жана башка мекемелердин кызматкерлери катары тааныштырып, жарандардан аккаунтка кирүү үчүн зарыл болгон ырастоо коддорун алууга аракет кылышууда.

Улуттук уюлдук байланыш оператору MEGAнын маалыматына караганда, акыркы күндөрү мындай алдамчылык аракеттери массалык түрдө катталууда.

Ушуга байланыштуу ИИМ MEGA оператору менен биргеликте жарандарды санариптик коопсуздук эрежелерин сактоого жана жеке маалыматтарын коргоого чакырат.

Министрликтин маалыматы боюнча, аккаунттарды коргоонун натыйжалуу жолдорунун бири — эки факторлуу аутентификацияны иштетүү. Бул функция аккаунтка кирүүдө кошумча текшерүүдөн өтүүнү талап кылып, бөтөн адамдардын аккаунтка уруксатсыз кирүү коркунучун азайтат.

Ошондой эле жарандарга төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталат:

- Мессенджерлерде жана башка сервистерде эки факторлуу аутентификацияны иштетүү;

- SMS аркылуу келген ырастоо коддорун, PIN-коддорду жана сыр сөздөрдү эч кимге бербөө;

- Шектүү шилтемелерге кирбөө жана белгисиз адамдардын өтүнүчү менен тиркемелерди орнотпоо;

- Акча которуу же жеке маалыматтарды берүү өтүнүчтөрүн башка байланыш каражаты аркылуу текшерүү;

- Ишенимдүү сыр сөздөрдү колдонуп, телефондун экранын кулпулоо.

ИИМ WhatsApp аккаунттарын уурдоого байланышкан алдамчылык схемаларына өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Алдамчылар башка бирөөнүн аккаунтуна кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондон кийин, анын байланыштарындагы адамдарга билдирүү жөнөтүп, карызга акча сурашы мүмкүн.

Министрлик жарандарды сак болууга, купуя маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөөгө жана шектүү билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат.

Последние новости