www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын Тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМнин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Падышалыгынын ортосундагы саясий диалогду мындан ары чыңдоого, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктери белгиленди.

Министрлер ошондой эле эл аралык жана аймактык бир катар маселелер боюнча пикир алмашып, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурушту. Тараптар учурдагы жаңжалдарды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун жана аймактагы туруктуулукту чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Маектештер эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары илгерилетүү максатында ар түрдүү деңгээлдердеги байланыштарды улантууну макулдашты.

Последние новости