www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 26-майында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сербия Республикасынын Тышкы иштер министри Марко Джурич менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-серб мамилелеринин ырааттуу өнүгүп жатканын жана достук менен өз ара түшүнүшүү духунда бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин канааттануу менен белгилешти.
Министрлер эки мамлекет ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулап, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду активдештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, келишимдик-укуктук базаны чыңдоо жана өз ара кызыкчылык жараткан биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында алар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө умтулуусун ырастап, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча, анын ичинде көп тараптуу аянтчалардын алкагында тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.