www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-октябрда, Бишкек шаарында майыптыгы бар адамдар арасында шахмат боюнча IV Азия чемпионатынын алкагында иш-чара өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Кыргыз Республикасынын Шахмат союзунун президенти Аида Салянова, ошондой эле спортчулар жана шахмат федерацияларынын өкүлдөрү катышты.

Мэр Айбек Джунушалиев эл аралык деңгээлдеги мелдештин Бишкекте өтүшү борбор калаанын өнүгүүсү жана эл аралык байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле мэрия мындай иш-чараларды колдоого жана бардык жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган долбоорлорду өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Мелдешке Азиянын алты өлкөсүнөн 51 шахматчы катышууда. Алардын арасында эки эл аралык мастер жана бир ФИДЕ мастери бар.

Спортчулар эркектер, аялдар, өспүрүмдөр жана кыздар арасында күч сынашууда. Мелдештер көрүү, угуу жана кыймыл-аракет таяныч системасынын бузулушуна жараша үч категорияда өткөрүлүүдө.

Майыптыгы бар адамдар арасында шахмат боюнча IV Азия чемпионаты 8-ноябрга чейин уланат.

Последние новости