www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 16-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүндө көчмө отуруму болуп өттү.
Депутаттар аскер бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгү, аскер кызматын өтөөнүн шарттары, өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын уюштуруу жана мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгү таянган материалдык-техникалык база менен таанышты.
Коргоо министри Руслан Мукамбетов депутаттарды кызыктырган суроолорго жооп берип, аскердик инфраструктуранын абалы жана аны өнүктүрүү, материалдык-техникалык камсыздоо маселелери тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы – Коргоо министринин биринчи орун басары Тариэль Отонбаев 2024–2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасады. Баяндамада армияны өнүктүрүүнүн негизги багыттары, күжүрмөн даярдыктын жыйынтыктары, оперативдик жана мобилизациялык даярдык боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу айтты.
Мындан тышкары, депутаттарга республикалык бюджеттин каражатына алынган курал-жарактар жана аскердик техникалар көрсөтүлүп, күжүрмөн даярдыкта өздүк курам кандай колдоноору дагы көрсөтүлдү.
Комитеттин өкүлдөрү аскер кызматчылары менен баарлашуу өткөрүп, кызмат өтөөнүн шарттары жана өздүк курамдын күнүмдүк ишмердүүлүгү менен таанышты.
Көчмө отурумда Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүн мындан ары өнүктүрүү жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо маселелерин талкуулашты.