www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир катар Батыш өлкөлөрү АКШнын президенти Доналд Трамп көтөргөн Ормуз кысыгын ачууга байланыштуу демилгеге колдоо көрсөтүүдөн баш тартканын билдиришти.
Маалыматка караганда, Германия АКШнын сунушуна жооп берип, бул маселеде европалык аз сандагы фрегаттар олуттуу өзгөрүү жасай албай турганын белгилеген. Немис тарап “бул биздин согуш эмес жана биз аны баштаган жокпуз” деп билдирген.
Австралия да бул демилгеге кошулбай турганын билдирип, Ормуз кысыгына аскердик кеме жөнөтпөй турганын расмий айткан.
Ал эми Англия бийлиги Ормуз кысыгын ачуу татаал маселе экенин белгилеп, өлкө кеңири масштабдагы согушка тартылууну каалабай турганын билдирген.
Ошондой эле Франция да Ормуз кысыгына кандайдыр бир аскердик кеме жөнөтүү тууралуу маселе каралбай турганын билдирген.
Белиглей кетсек, Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай ташуулары өтө көп өтүүчү стратегиялык маанилүү деңиз жолдорунун бири болуп саналат. Израиль-Америка Иранга согуш ачкандан бери бул аймактагы коопсуздук маселеси эл аралык саясатта маанилүү темалардын бири болуп келет.