www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын тургундарын тиричилик таштандыларын саат 19:00дөн кийин чыгарууга чакырат.
Ишкананын маалыматына ылайык, бул сунуш таштандыларды чыгаруу иштерин натыйжалуу уюштурууга жана жол кыймылына түшкөн жүктү азайтууга багытталган. Кечки убакта унаалардын агымы азайгандыктан, таштанды ташуучу техникалардын иши жеңилдеп, жол тыгындарынын пайда болуу ыктымалдыгы төмөндөйт.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын бул сунушту эске алууга чакырып, коммуналдык кызматтардын үзгүлтүксүз иштешине көмөк көрсөтүүгө үндөйт.