www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Анда эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтук учурларын кароо боюнча убактылуу нускаманын долбоору талкууланып, аталган багыттагы улуттук изилдөөнүн концепциясы сунушталды.

Жыйынга Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бейөкмөт сектордун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Кеңештин жүрүшүндө депутат Камила Талиева Эл аралык эмгек уюмунун №190 конвенциясын ишке ашыруу боюнча сунуштарын айтып, эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтукту жоюунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Анын айтымында, аталган конвенция Кыргызстан үчүн жөн гана эл аралык келишим эмес, жарандардын коопсуз, татыктуу жана зомбулуксуз эмгектенүү укугун камсыз кылууга багытталган маанилүү документ болуп саналат.

Ошондой эле Камила Талиева конвенциянын жоболорун ишке ашырууда убактылуу нускаманын ролу чоң экенин белгилеп, ал жумушчулардын укуктарын коргоонун түшүнүктүү жана жеткиликтүү механизмин түзүүгө кызмат кылышы керектигин билдирди.

Мындан тышкары, депутат эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана коркутуу фактыларын аныктоо боюнча улуттук изилдөө жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, анын жыйынтыктары мыйзамдарды өркүндөтүүгө, алдын алуу чараларын күчөтүүгө жана жабыр тарткандарды коргоо механизмдерин жакшыртууга негиз боло турганын айтты.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү да баяндама жасап, тиешелүү сунуш-пикирлерин ортого салышты.

Последние новости