www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-июнда Кыргыз Республикасынын футзал боюнча Суперлигасынын 2025/26-жылкы сезонунун финалдык сериясындагы «Toyota» жана «ДС Групп Нарын» командаларынын ортосундагы төртүнчү беттеш өттү.

Бул оюн тарыхта биринчи жолу «Жаштык Аренада» өткөрүлгөн футзал боюнча Суперлиганын финалдык беттеши катары өзгөчөлөндү. Беттеш жогорку атаандаштыкта өтүп, трибуналарга 1500гө жакын күйөрман чогулду. Күйөрмандар оюн бою командаларды кызуу колдоп, аренада чыныгы спорттук майрамдын маанайын жаратты.

Жыйынтыгында «ДС Групп Нарын» командасы атаандашын 4:2 эсебинде жеңип, финалдык сериядагы эсепти 2:2ге теңеди.

Эске салсак, футзал боюнча Суперлиганын чемпиону финалдык серияда үч жеңишке биринчи болуп жеткен команда катары аныкталат.

Эми чемпиондун тагдырын чече турган акыркы, чечүүчү беттеш 18-июнда Нарын шаарында өтөт.

Последние новости