www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев жана «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрү Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарында кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү, ишкерлер, эмгек мигранттары жана студенттер менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, жолугушууга «Элдик» депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев, депутаттар Гуля Кожокулова, Данияр Толонов, Алтынбек Кудайбердиев, Райимберди Дүйшөнбиев, Табылды Муратбеков, Айгүл Ахмедова, Улукбек Узакбаев, Адилет Белеков, Эдита Тайгараева, Уланбек Жаанбаев, Болот Сагынаев, Бакыт Чомоев, Улукбек Карыбек уулу, Жаныбек Аматов, Азизбек Абдуллаев катышты. Ошондой эле иш-чарада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев да болду.

Жолугушууда Төрага Марлен Маматалиев чет өлкөлөрдө жашап жана эмгектенип жаткан мекендештер менен түз диалог түзүү чоң мааниге ээ экенин белгилеп, баарлашуунун жыйынтыгында мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана жарандардын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган конкреттүү практикалык сунуштар жана демилгелер иштелип чыгышы керектигин айтты.

«Бүгүн чет өлкөдөгү кыргызстандыктар менен мындай кеңейтилген форматтагы жолугушуу биринчи жолу өткөрүлүүдө. Биз КМШ ПААнын иш-чараларына катышуу үчүн гана эмес, силер менен жолугушуп, сунуштарыңарды жана көйгөйлөрүңөрдү угуу үчүн да келдик. Сиздер мекениңерден алыс жүрсөңөр дагы, Кыргызстанды татыктуу таанытып, эмгектенип, билим алып, бизнес жүргүзүп, эки өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жатасыңар. Өз тарабыбыздан көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», – деди Марлен Маматалиев.

Муну менен катар өлкө башчысынын ырааттуу саясатынын негизинде Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр жана реформалар тууралуу кеп кылган Төрага мамлекет жетекчилиги миграция маселелерине, чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоого жана алардын социалдык-укуктук абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде «Элдик» депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев мындай жолугушуулар депутаттарга жарандарды тынчсыздандырган маселелерди угууга жана мындан аркы биргелешкен иштин багыттарын аныктоого мүмкүндүк берерине токтолуп: «Бүгүнкү күндө Россия Федерациясынын аймагында эмгек мигранттары гана эмес, студенттер, ишкерлер жана маданият өкүлдөрү да жашап жатышат. Сиздердин тажрыйбаңыздар, билимиңиздер жана сунуштарыңыздар Кыргызстандын мындан аркы өнүгүшү үчүн абдан маанилүү», – деди.

«Суроо-жооп» форматында өткөн жолугушууда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү миграция саясатына, социалдык коргоого, билим берүүгө, маданиятка, транспорт тармагына жана экономикалык алакаларга байланышкан маселелерди ортого салып, ой бөлүштү.

Тактап айтканда, Россия Федерациясына кайра кирүүдө жаралган кыйынчылыктар, россиялык каттоодогу автоунааларды мыйзамдаштыруу, миграциялык режимге байланышкан чектөөлөр тууралуу маселелер козголуп, жарандар Россия Федерациясынын аймагында визасыз жүрүү мөөнөтүн узартууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүп, учурда бир календардык жыл ичинде 90 күн гана жүрүүгө уруксат берилгенин жүйө келтиришти. Буга Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш бул багытта иш жүргүзүп жатканын маалымдап: «Биз «90/180» режимине байланыштуу маселени Москвага болгон мурунку сапарыбызда көтөргөнбүз. Азыр жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн айрым жеңилдиктер киргизилди. Бул маселе өзгөчө көзөмөлгө алынып, тиешелүү сунуштар даярдалды», – деди Төрага.

Ошону менен бирге жолугушуунун катышуучулары банктык тейлөө жана Кыргызстандын айрым коммерциялык банктарындагы рублдун төмөн алмаштыруу курсуна өзгөчө көңүл бурушту. Буга байланыштуу депутат Алтынбек Кудайбердиев Улуттук банктын көзөмөлүн күчөтүү керектиги жөнүндө сөз кылып: «Улуттук банк жөнгө салуучу орган катары бул жагдайга көңүл бурушу керек. Алмаштыруу курсун жасалма түрдө төмөндөтүүгө жол берилбеши шарт. Өз тарабыбыздан, тармактык комитеттин төрагасы катары бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярбыз», – деди.

Ошондой эле мекендештер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай алуу учурунда документтерди таануу маселесин такташты. Эл өкүлү Гуля Кожокулова жеңилдетилген ипотекалык программаларга катышууда эмгек мигранттарына карата коюлган чектөөлөр алынганын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мектеп окуучуларын кесиптик багыт берүү, Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү, 10-11-класстын окуучуларын жумушчу адистиктерге окутуу жана аттестат менен кошо тиешелүү сертификаттарды берүү маселелери боюнча да пикир алмашуу болду. Катышуучулардын айтымында, бул жаштардын чет өлкөлөрдө мыйзамдуу ишке орношуусу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Мындан тышкары, мигранттар жана алардын балдары үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу, ошондой эле жарандарды миграциялык мыйзамдарды бузгандардын реестринен чыгаруу маселелери көтөрүлдү. Депутат Айгүл Ахмедова бул маселелер буга чейин россиялык тарап менен талкууланганын билдирип: «Учурда тиешелүү органдар аларды чечүүнүн үстүндө иштеп жатышат жана оң жыйынтыктар болот деп ишенем», – деди.

Андан соң кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү, Кыргыз маданиятынын күндөрүн өткөрүү, академиялык алмашууларды байма-бай уюштуруу жана жаштардын чыгармачыл демилгелерин колдоо боюнча сунуштарын айтышты. 

Эмгек мигранттарынын балдарынын арасында маданий мурастарды сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ага ылайык, Марлен Маматалиев улуттук искусство түрлөрүн жайылтууга багытталган долбоорду колдоого алып, жолугушууга катышкан комуз боюнча мугалимге музыкалып аспаптар тапшырыларын айтты (10 комуз, 10 ооз комуз жана 10 чопо чоор). Мындан тышкары, эмгек мигранттарынын балдары үчүн Кыргызстандагы балдар лагерлеринде эс алуу максатында 20 квота берилет.

Муну менен катар диаспора өкүлдөрү Санкт-Петербург шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы скверге улуу жазуучунун 100 жылдык мааракесине карата эстелик орнотууну сунушташты. Төрага Марлен Маматалиев бул демилгени колдоп, аталган маселе боюнча тиешелүү макулдашуу жетишилгенин ырастады.

Андан тышкары, жолугушууда авиабилеттердин баасынын негизсиз өсүшү, айрыкча жай мезгилиндеги кымбаттоо маселеси да көтөрүлдү. Бул багытта Марлен Маматалиев өлкөнүн авиация тармагын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу учкай токтолуп: «Жергиликтүү авиакомпанияларды «кара тизмеден»чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө, ички каттамдар үчүн учактар сатылып алынып, эл аралык каттамдарга арналган аба кемелерин сатып алуу маселеси да каралууда. Бул келечекте авиабилеттердин баасын жөнгө салууга мүмкүндүк берет», – деди Төрага.

Өз кезегинде депутат Уланбек Жаанбаев авиабилеттердин баасына байланыштуу маселе Кыргызстандын монополияга каршы кызматы менен биргеликте иштелип чыкканын айтып: «Ички авиакаттамдар боюнча авиабилеттердин баасы 6 миң сомдон ашпоосу керек деген чечим кабыл алынды. Эгер авиакомпания 100% мамлекеттик болсо, билеттин баасы 5,5 миң сомдон жогору болбошу керек», – деп кошумчалады эл өкүлү.

Ал эми депутат Улукбек Узакбаев Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргызстандын жарандарынын укуктук жактан коргоо боюнча кеп кылып, эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшканын билдирди. Ошондой эле учурда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Россиядагы өкүлчүлүгүн ачуу жана анын ишмердүүлүгүн каржылоо маселеси чечилгенин айтты. «Бул биздин жарандарга укуктук маселелерди чечүүдө жана алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо ыкчам жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет», – деди.

Жыйынтыгында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин жетекчилигине жана «Элдик» депутаттык тобуна ачык диалог уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай кеңири форматтагы жолугушуу алгачкы жолу өткөрүлүп жатканын белгилешти.

 

Последние новости