www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жашы жете элек өспүрүм кыз изделүүдө

Бишкек шаарынын Ленин РИИБи тарабынан 2010-жылы туулган жашы жете элек Турарова Арай Канатовна изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма  сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 21-май күнү болжол менен саат 19:30 чамасында ал Арча-Бешик конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон ушул убакка чейин дайынсыз болууда.

Белгилери:
бою 145–150 см, дене түзүлүшү арык, кара тору, чачы узун кара түстө, жоолук салынбайт.

Кийген кийимдери:
ак түстөгү футболка, кара түстөгү шорта, ак түстөгү бут кийим.

Өзгөчө белгилери: жок.

Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Маалыматтар электрондук журналында катталып, учурда бардык зарыл болгон издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ленин районунун ИИБ Арай Турарованын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды төмөнкү номерлерге кабар берүүгө чакырат:

0 (312) 35-29-47,
0 (312) 35-12-70,
0 (224) 214-346.

 

Последние новости