www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата артка санакты салтанаттуу түрдө баштап берди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

МинКаб Төрагасынын орун басары ушул жылдын 31-августта Кыргыз мамлекетинин эгемендик майрамында көчмөндөр оюндары башталаарын билдирип, Кыргыз Республикасы – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын киргизүү менен – ата-бабалардын муундан муунга өткөн спорттук оюндарын жандандырып,  бүткүл дүйнөдөгү көчмөндөрдүн жүрөгүн ойготконун белгиледи. 

«Алдыдагы боло турган оюндарда төгөрөктүн төрт бурчунан келген элдер
көк бөрүнүн дүбүртүн угат. Комуздун күүсүн тыңшайт. Кыргыздын демин, көчмөндөрдүн улуу рухун сезет.” – деди МинКаб башчысынын орун басары Улан Маматканов.

Ошондой эле ал, алдыдагы 100 күн – жоопкерчиликтин жана мекенчилдиктин күндөрү экенин баса белгилеп, бул оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүү милдети турганын кошумчалады. 

Сөзүнүн акырында МинКаб башчысынын орун басары дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бул – бир гана мамлекеттик иш эмес, жалпы Кыргызстан элинин аброю экенин белгилеп, Кыргызстандын атын – дүйнөгө жакшы жагынан даңазалоо жана Улуу Кыргыз Дөөлөтүн түзгөн байыркы көчмөн элдин чыныгы урпактары катары таанылууга жалпы журтту чакырды.

Последние новости