www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитетинин бүгүн, 21-апрелдеги жыйынында депутаттар «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун жана «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алышты.

Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев, Талайбек Масабиров болду.

Эскерте кетсек, документке ылайык, БШК мүчөлөрүнүн саны 12ден 8ге чейин кыскартылат. Бул Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин оптималдаштырууга байланыштуу.

Демилгечилер белгилегендей, чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо көрсөткөндөй, чечимдерди кабыл алуунун ыкчамдыгы жана натыйжалуулугу дайыма эле коллегиялык органдын мүчөлөрүнүн көптүгүнө көз каранды боло бербейт.

БШКнын курамын кыскартуу төмөнкүдөй артыкчылыктарды берет:

Башкаруу процесстерин оптималдаштыруу;

Республикалык бюджетке болгон каржылык жүктөмдү азайтуу (эмгек акы, материалдык камсыздоо, социалдык кепилдиктер);

Кабыл алынган чечимдер үчүн комиссиянын ар бир мүчөсүнүн жеке жоопкерчилигин жогорулатуу.

Сунушталып жаткан сан коллегиялуулук менен башкаруунун натыйжалуулугунун ортосундагы оптималдуу баланска төп келет. Буга чейин шайлоо комиссиясынан мүчөлөрдүн санынын кыскарышы мекеменин ишине терс таасирин тийгизбей турганын ишендиришкен.

Последние новости