www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз улуттук "Манас" театрында дунган кызы Машинхаева Фатима Нурахуновнанын "Манас" үчилтигин дунган тилиндеги эмгегигинин бет ача ачаары өтүп, дунган тилинде Манас айтылды. Бирок бул көрүнүш жагымсыз көрүнүш болду. 

Албетте, Манастын башка тилдерге которулуп жатканы башка кеп. Бирок Манастын кыргызга мүнөздүү тилин, стилин, кыраатын бузуп айтылып жаткан мындай жорук ыйыктык касиетке көлөкө түшүрүп, кунсуздандырбайбы? 

Манас – сакралдуу дүйнө. Бүтүндөй кыргыз элинин руханий түркүгү, баалуу мурасы, тамыр өзөгү. Ага карата аздек, аяр мамиле керек. 

Андыктан ар кимдин каалагандай жулмалай бергенге акысы жок. Жакшы ниет менен жасап жатам дегендей жосунсуз жоруктарга жол берилбеш керек. Ким кандай кабылдайт билбейм, мен туура көргөн жокмун. 

Ыйыктык – ар ким бутун сүртүп тебелей берчү пастыкты көтөрө албайт. Артык кылабыз деп тыртык кылбай эсибизге келели. 

Манастан пивоканачылар түптөгөн "чоң чычса" деле каттай берген "Гиннес" китеби жогору турчудай, Манасты Гиннеске каттатабыз деп ит болдук эле. Жетет да эми! Манастын кунун кетирип тытмалап, тейтеңдей бергенди токтотпойлубу?

Алмаз Темирбек

Последние новости