www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында Жетим-Тоону иштетүү боюнча инвестор изделип жатканы маалым болду.

Депутат Кубанычбек Самаков Кумтөрдөн кийинки эле ири кен Жетим Тоо экенин айтып, учурда кандай иштер жүрүп жатканын сурап кызыкты. Геологиялык кызматынын директорунун орун басары Руслан Калилов чалгындоо иштери жүрүп жатканын, кен тилкесинде жалпы аныкталган алты участок бардыгын, ал жердеги руданын кору 5 миллиард тонна деп бааланганын билдирди. 

- Техникалык долбоорлоо иштери жүргөн. Жалпысынан алты участок боюнча долбоор даярдалып, алардын ичинен бир участок боюнча толук долбоор иштелип чыккан. Учурда үч экспертизадан экөөсү аяктап, бирөө гана калды. Бардык долбоорлоо жана экспертиза иштери мамлекеттик деңгээлде жүрүп жатат. Экспертизалар толук аяктагандан кийин гана инвестор менен биргелешип иш алып баруу пландалууда,- деди ал.

Депутат Махабат Мавлянова мамлекеттин карамагында болчу 30 пайыз аз эле үлүш экенин, кенди руда түрүндө сатпай, кайра иштетүүчү заводдорду да куруп, мамлекет өзү иштетсе жакшы болорун белгиледи.

"Жетим-Тоо" Кыргызстандын Нарын облусунда жайгашкан ири темир кени катары белгилүү. Ал жакта чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 2023-жылы лицензия берилген.

Последние новости