www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1 миллиондон ашуун катталуучусу бар геолог Глеб Соломин социалдык тармактагы баракчасында Жердин өзөгүндө жүрүп жаткан процесстер тууралуу кызыктуу маалымат жарыялады.

Анын айтымында, болжол менен 2 200 чакырым тереңдикте жайгашкан Жердин сырткы өзөгүндөгү суюк темирдин агымы 2010-жылдар чамасында батышты көздөй жай кыймылдоодон чыгышты көздөй күчтүү агымга өзгөргөн. Бул жыйынтык 1997–2025-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн байкоолорго жана Swarm, CHAMP, Ørsted жана CryoSat спутниктеринин маалыматтарына негизделген.

Соломин белгилегендей, Жердин сырткы өзөгүндөгү эриген темирдин кыймылы табигый «генератор» сыяктуу иштеп, электр агымдарын пайда кылат. Дал ушул процесстер Жерди Күндөн келген заряддалган бөлүкчөлөрдөн жана космостук нурлануудан коргогон магнит талаасын түзүп, аны сактап турат. Окумуштуулардын пикиринде, күчтүү магнит талаасы болбосо, Жердеги жашоо азыркыдай шартта болушу мүмкүн эмес.

Ошондой эле анын айтымында, 2020-жылдан тартып суюк темирдин агымы кайрадан алсырай баштаган. Учурда окумуштуулар бул көрүнүш кыска мөөнөттүү өзгөрүүбү же Жердин ички процесстериндеги көп жылдык табигый циклдин бир бөлүгүбү деген суроого жооп издеп жатышат.

Адистер мындай изилдөөлөр Жердин магнит талаасынын өзгөрүшүн, анын келечектеги абалын жана планетанын ички түзүлүшүндө жүрүп жаткан процесстерди жакшыраак түшүнүүгө жардам берерин белгилешет. Магнит талаасындагы өзгөрүүлөр спутниктик байланыштын, навигациялык системалардын жана электр тармактарынын ишине таасир этиши мүмкүн.

Последние новости