www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 23-март күнү эртең менен болгон ири жарылуудан улам чыккан Күн плазмасы Жерге жетип, күчтүү магниттик бороон байкалууда. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын Космос изилдөөлөр институтунун күн астрономия лабораториясы билдиргенин РИА Новости жазды. https://ria.ru/20240324/burya-1935539728.html

"Күн плазмасы Жерге жетти. Болжол боюнча, төртүнчү даражадагы бороон-чапкын жүрүүдө", — деди лабораториянын өкүлү.

Маалыматка караганда, Жердин айланасында күн шамалынын ылдамдыгы дээрлик эки эсе көбөйүп, секундасына 800 чакырымга жетти. Жерди курчап турган плазма булутунун температурасы бир миллион градуска жакын, ал эми күндөн чыккан зат келгенге чейин Жерди курчап турган газдын температурасы 100 миң келвинге жакын болгон.

"Учурда бороон-чапкын канчага чейин созуларын болжолдоо дээрлик мүмкүн эмес. Моделдик эсептөөлөр боюнча, дагы бир сутка уланышы мүмкүн. Бороондун күчү дээрлик максималдуу деңгээлге барабар. Күчтүү магниттик бороон соңку ирет 2005-жылы 11-сентябрда байкалган", — деген лаборатория.

Күндөгү жарылуу дээрлик Күн-Жер сызыгында, башкача айтканда, планетага максималдуу таасир этүүчү аймакта болгон. Окумуштуулар плазма булуттары жекшемби күнү кечинде же дүйшөмбүнүн башында Жердин орбитасына жакындайт деп болжолдошкон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости