www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Крокус Сити Холл» концерттик залындагы терактты уюштурган топтун мүчөлөрү кол салуу үчүн баары биригип 500 миң рубль алышмак экендигин «Известия» маалымдады.

Мурда белгилүү болгондой, кол салууга шектүүлөрдү Брянск облусунан кармоо учурунда алардын ичинен бирөөсү кылган иши үчүн 500 миң рубль алмак экенин жана банк картасына ал сумманын жарымы түшкөнү тууралуу билдирген. Басылманын өкүлү терактты уюштуруунун жагдайларын ачыкка чыгарды. Анда терактты уюштуруу үчүн шектүүлөрдүн ар бири эмес, жалпы баары биригип жарым миллион алмак экендиги белгилүү болду.

Шектүүлөрдүн арасынан 2 адам Түркиянын аймагында жүргөн кезде, экөө Россиянын аймагынан теракт уюштурууга тартылган. Кол салгандарды террордук уюмдун туруктуу мүчөлөрү деп айтуу кыйын экенин террордук коопсуздук тармагынын адиси билдирди.

«Теракт уюштургандар уйкудагы террордук уюмдун туруктуу мүчөлөрү — «фанаттар» эмес. Аларды 2-3 жуманын ичинде азгырып, «фанатка» айландырып коюшкан. Шектүүлөрдү кылмышка үндөгөн террордук уюмдун башындагы адам Россиянын аймагынан алыста туруп эле азгыруунун түрдүү ыкмалары менен ой-жүгүртүү деңгээли төмөн, сабатсыз таксист, чач-тараччыларды оңой башкарып койгон», - деген ал.

22-март күнү кечки 20:00 чамасында Москва облусунун Красногорск шаарында жайгашкан «Крокус Сити Холл» концерттик залында «Пикник» музыкалык тобунун концерти башталардан мурда имаратка беткапчан адамдар кирип барып ок чыгарып, жардыруу болду. Кол салуунун кесепетинен 137 адам көз жумуп, 180ден ашык адам турдүү жараат алды.

Жабыркагандардын саны улам өсүүдө. 23-март күнү Федералдык коргоо кызматынын башчысы Путинге 11 адамдын кармалганы жана алардын арасында терактка тиешеси бар 4 адам бар экенин маалымдады.

 

Последние новости