www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциядагы «Улуттук биригүү» партиясынын парламенттик фракциясынын лидери Марин Ле Пен президент Эммануэль Макрондун бийлигин өлкөдөгү нааразылык акцияларын көзөмөлдөй албай жатканы үчүн сынга алды.
«Менимче, мамлекет урай баштады. Биз абалды көзөмөлдөй албай, атүгүл окуялардын өнүгүшүн алдын ала болжолдой албаган алсыз бийликке туш болдук», - деди Ле Пен.
Францияда нааразылык акциялары сентябрдын ортосунда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына да жайылган. 17-октябрдагы ири митингге Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 550 миңге жакын адам катышкан.