www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы Краснофлот көчөсү, 5 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү 96 батир муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Бул батирлер Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп турган учурда бөлүштүрүлгөн. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Шумкарбек Пайзиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн батирлерди бөлүштүрүү боюнча комиссиянын алгачкы жыйыны өтүп, андан соң мыйзам талаптарына ылайык батирлерди расмий каттоо иштери башталат.

Эске салсак, Жеңишбек Токторбаев мэр болуп турган мезгилде муниципалдык ипотекалык ишкананын 96 батири мыйзамда каралган негиздерсиз бөлүштүрүлгөнү аныкталган. Бул маселени жөнгө салуу максатында Ош шаардык кеңеши муниципалдык ипотекалык ишкана тууралуу жобого өзгөртүү киргизип, мэрияга аталган турак жайларды башка максаттарда пайдаланууга уруксат берген.

Өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин батирлер муниципалдык менчикке өткөрүлүп, эми аларды учурда ошол батирлерде жашап жаткан жарандардын атына мыйзамдуу түрдө каттоо пландалууда.

Батирлердин басымдуу бөлүгү үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө берилсе, калган турак жайлар театр кызматкерлерине жана үч эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлгөн. Бирок ушул убакка чейин жашоочулардын батирге болгон укугун тастыктаган расмий документтери болгон эмес.

Последние новости