www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 25-февралында Лондон шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия мамлекеттеринин Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын Британ Падышалыгынын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна катышты.
Эдинбург герцогу, Улуу Даражалуу Ханзаада Эдвард менен болгон маекте Министр Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Улуу Британия менен саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө ачык экендигин жана даярдыгын ырастады.
КР ТИМ башчысы маданий-гуманитардык кызматташууга, өзгөчө билим берүү, англис тилин үйрөнүү, климат жана туризм тармактарына өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле ал алдыда өтө турган Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берип, бул иш-чараны өлкөнүн маданий ар түрдүүлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган, дүйнө элдеринин туруктуу жана тынчтыкта бирге жашоосунун маанилүү элементи катары саналган уникалдуу эл аралык демилгеси экенин белгиледи. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациялардын бай мурасын сактоого жана келечек муундарга өткөрүп берүүгө, алардын адамзаттын өнүгүшүнө кошкон салымын дүйнөгө таанытууга жана маданияттар аралык диалогду чыңдоого өбөлгө түзөрү баса белгиленди.
Жолугушууга ошондой эле Улуу Британияда стипендиялык программалардын алкагында билим алып жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн студенттери, ошондой эле Бириккен Королдуктун алдыңкы билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Британ Королдук үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү менен жолугушуудан кийин Королдук атчан гвардиясынын жана ардактуу кароолдун катышуусундагы салтанаттуу азем менен таанышуу болду.