www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унааларды текшерүү учурунда жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен 4 миң 179 куту кондитердик азык табылган. Алардын жалпы салмагы 11 тоннаны түзгөнү менен, коштоочу документтерде 7 тонна экендиги көрсөтүлгөн.
Андан тышкары, текшерүү учурунда тийиштүү документтери жок суукка каршы кошулмалар, тездеткичтер, гидроизоляциялык материалдар, боёктор, грунттар жана арматуралар аныкталды.
Аталган факт боюнча салык кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлдү. Автотранспорт каражатына пломба салынып, ал айып короого убактылуу токтотулду.
Учурда материалдар мыйзамга ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.