www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров бүгүн, 22-августта Бишкек шаарындагы “Ырыс-Ордо” конгресс-холлунун расмий ачылышына даярдык көрүү иштери менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Поезиденттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Комплекс 14,7 гектар аянтта жайгашып, анын курамына борбордук имарат жана расмий делегацияларды, жогорку даражалуу конокторду жайгаштырууга арналган сегиз мейман үйү кирет.

Конгресс-холл эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий кабыл алууларды, сүйлөшүүлөрдү жана башка жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө арналган мамлекеттик маанидеги заманбап комплекс болуп саналат.

Борбордук имаратта 1238 орундуу “Курултай” конференц-залы, 1000 адамга ылайыкталган банкет залы жана 235 орундуу пресс-зал, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн залдар каралган.

Президент аткарылган иштердин сапатына баа берип, объектинин алдыдагы ачылышка даярдык деңгээлине канааттанганын билдирди.

Сапардын жүрүшүндө ал расмий делегациялардын башчылары үчүн каралган мейман үйлөрүн да көрүп чыкты. Анда жогорку даражалуу коноктордун эс алуусу, иш жолугушууларын жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Конок үйлөрүндө жашоо жана иш бөлмөлөрү, жолугушууларды өткөрүү үчүн залдар, ошондой эле эс алуу зоналары бар.

Мамлекет башчысы алдыдагы иш-чараларды сапаттуу уюштуруунун, бардык тиешелүү кызматтардын биргелешип жана так иш алып баруусунун, ошондой эле чет өлкөлүк делегациялар үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи

“Ырыс-Ордо” конгресс-холлунун расмий ачылышы 24-августта өтөт.

Последние новости