www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Ат-Башы районунун тургундары менен болгон жолугушууда өлкөдө электр энергиясына болгон суроо-талап өсүп жатканын белгилеп, тартыштык маселеси Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу аяктагандан кийин гана толук жоюларын билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, учурда Кыргызстанда 44–50гө жакын чакан ГЭС иштеп жатат жана дагы ушундай бир катар объекттер курулууда. Жакынкы күндөрү Ак-Талаа районунда жана Казарман аймагында дагы бир чакан ГЭСтин пайдубалы түптөлөт.

Президент ошондой эле Токтогул суу сактагычындагы суунун азайышы сугат иштерине байланыштуу экенин белгилеп, “сууну сатып жиберишти” деген маалыматтарды четке какты.

Садыр Жапаровдун айтымында, бийликке келген учурда электр энергиясынын тартыштыгы 3 миллиард киловатт-саатты түзсө, азыр экономиканын өсүшүнө байланыштуу бул көрсөткүч 4 миллиард киловатт-саатка жеткен.

“Энергетикалык тартыштыктан толук чыгуу үчүн Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушун бүтүрүү зарыл. Бул үчүн дагы 7–8 жыл убакыт керек”, — деди мамлекет башчысы.

Последние новости