www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчы шаарында республикалык бюджеттин эсебинен курулган 133 орундуу заманбап муниципалдык балык базарынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Бул ири долбоордун ишке ашырылышы жана курулуш иштеринин сапаты Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлгөнү белгиленди.
Жаңы базарда жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн заманбап талаптарга жооп берген соода шарттары түзүлдү. Бул өз кезегинде шаар тургундарын жана конокторду сапаттуу, таза балык продукциясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле базардын ишке кириши менен кошумча жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү да пайда болду. Жайкы мезгилде жергиликтүү дыйкандарга өздөрүнүн мөмө-жемиштерин түз сатуу үчүн атайын соода жайлары каралган.
Жаңы муниципалдык базар Балыкчы шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана шаардын экономикалык өсүшүнө олуттуу салым кошору белгиленди.