www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп баргандан бери мурдагы мэр Жеңиш Токторбаевди туурап көчө кыдырып, анысын камерага тарттырып упай топтоо менен алектенип, убара тартууда. Бирок ал жоругу анчейин коошпой жатат. Себеби ал иштин маңызын чыгарып экс-мэр катыра аткарып койгон. Эми ал баскан из менен “шалпылдап” күнү-түнү көчөдө жүрсө деле Токторбаевден ашып түшө албайт.
Анын үстүнө курулай пиар менен шаардын иши бүтпөйт. Элдин курсагы тойбойт. Көзгө чаң чачкан учур өттү. Азыр жыйынтык көрсөтүү маанилүү. Ансыз “айды алып берем” деген жомок өтпөйт.
Ушундан уламбы, же такыр айла-амалы түгөнүп, элдин колдоосуна ээ болуунун жолун таппай мукурап калдыбы, “жаштарга мэр өз колу менен аш басып берип жатат” деген өңүттөгү пиарын жылжытты.
Кызык, Жанарды Ошко президент ашпозчу болуп, элге аш басып бергенге жөнөттү беле? Пиарды дагы жугумдуу, сиңимдүү кылып жасаган кыйынга туруп калган соң, Жанар мырзанын абалы чатак окшойт.
Кыйратам деп барып алып, ооз менен орок оргон башка, иш кылган башка экенин Жанар Акаев жон териси менен сезип, мурдуна суу жетип жатканы байкала баштады. Албетте, ишти эптеп кетсе алкыш. Эптей албай калса, “критке чабылып” кетиши ажеп эмес.
Баса, Жанардын жанындагы Союзбек Надырбеков акыркы учурда Маданият министрлигиндеги айың кептерге чалынып, аргасы түгөнүп турганда Ордолуу Ошко барып олутту көрүнгүсү келдиби айтор, “ашпозчу” Жанардын очогуна от жагып бергиси келгени кызык.
“Балыкчыны балыкчы алыстан тааныйт” деген ырас окшойт. Жергиликтүү калк эки күндөн бери суу жок, чакалап ташып жүрсө, паркта палоо басып, көк чай ичип олтурганы кызык экен. Мындайды, кыргызда “окшошконго мушташкан” дейт.