www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөнүн аймагына тиешелүү коштомо документтери жок ар кандай товарларды мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты.
Тактап айтканда, «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө автотетиктерди, электр шаймандарын жана башка буюмдарды алып келе жаткан жүк ташуучу унаа аныкталды.
Жүктү карап чыгууда жана документтерди текшерүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна негиздүү шектенүүлөр пайда болгон. Жүктү көзөмөлгө алуу максатында Салык кызматкерлери тарабынан автотранспорт каражатына контролдук пломба коюлган.
Андан ары, жүктү түшүрүүчү жерде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында товарлар тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган товардык коштомо документтери жок алуучуларга жеткирилгени аныкталды. Эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы 1 млн сомдон ашты.
Бул факты боюнча тиешелүү процессуалдык материалдар түзүлдү. Эреже бузгандарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул салуу менен административдик чаралар көрүлдү.
Мындан тышкары, аталган факт боюнча камералдык салыктык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча төлөнбөй калган салык милдеттенмелерин кошуп эсептөө болжолдонууда.