www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунда Орозо айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, майрам күнү коомдук тартипти сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытында тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.
Белгилей кетсек, Бишкекте Орозо айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) окула турган болду.
Айт намаздын программасы:
07:00 – 07:30 – Куран окуу
07:30 – 07:40 – Модератор Шүкүр ажы Исмаилов
07:40 – 08:10 – Диний баяндар; Бакыт ажы Кайкиев, Жолдошбек ажы Абдылдаев
08:10 – 08:30 – Азирети Муфтийдин сөзү: Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери
08:20 – 08:30 – Сапан-сап айтуу
08:30 – 08:50 – Айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.
Ал эми аймактарда Орозо айт намазы жума мечиттерде окулат. Региондордогу жалпы айттык программа:
07:30 – 08:00 – Куран окуу;
08:00 – 08:25 – Диний баяндар;
08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
08:30 – Айт намазын окуу.