www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 17-мартында Нарын облусунун Кочкор районунда Балыкчы - Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында бургулоо-жардыруу иштеринин акыркы этабы жүргүзүдү. Жалпысынан бул иштер темир жолдун 37-чакырымынан 43-чакырымына чейинки 13 тилкеде жүргүзүлдү. Алгачкы жардыруу 2024-жылдын июль айында аткарылып, жалпы 100 жардыруу жүргүзүлдү.

Бургулоо-жардыруу иштеринин бардык мезгилинде коопсуздук эрежелеринин талаптары катуу сакталды. Адамдардын же малдын жаракат алуусу, ошондой эле жакын жайгашкан имараттардын, анын ичинде турак үйлөрдүн бузулушу боюнча бир да учур катталган жок.

Белгиленген графикке ылайык, коопсуздукту камсыз кылуу максатында иштер жүрүп жаткан учурда 37-чакырымдан 39-чакырымга чейинки жол тилкеси убактылуу жабылып турду.

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы айдоочуларга, жүргүнчүлөргө жана жергиликтүү тургундарга сабырдуулугу жана түшүнүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Ошондой эле бул маанилүү курулуш этабын коопсуз, сапаттуу жана өз убагында аткарууга салым кошкон бардык адистерге жана кызматкерлерге ыраазычылык билдирет. Бул иштер технологиялык процесстин маанилүү бөлүгү болуп, татаал геологиялык шарттарда курулушту мындан ары илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Балыкчы - Кочкор темир жолунун жалпы узундугу 63,4 км түзөт. Учурда темир жолдун дээрлик бардык тилкесинде жердин алдыңкы төшөмү толугу менен бүттү. Учурда шпал, рельстерди орнотуу иштери улантылып, Кочкор темир жол бекетинин курулушу жүрүүдө.

Последние новости