www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча «Береке курулуш компаниясы» ЖЧКнын директору «С.У.Ч.» («Кыргызстан» саясий партиясынан КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты) кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
«2019-жылдын 4-апрелинде «С.У.Ч.» менен «А.А.»нын ортосунда көп кабаттуу турак үй куруу жөнүндө үлүштүк катышуу келишими түзүлгөн. Келишимдин алкагында «А.А.» курулуш үчүн Ош шаарынын аймагынан 45 сотук жер тилкесин берген.
Келишимдин шарттарына ылайык, курулуш компаниясы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдын жалпы аянтынын 2750 чарчы метрин курулуш иштери аяктагандан кийин «А.А.»га өткөрүп берүүгө милдеттенген. Бирок «С.У.Ч» өзүнүн таасирин пайдаланып, келишимдик милдеттенмелерин аткарбай, жер тилкесин өзүнүн атына мыйзамсыз каттатып алган», — деп жазылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, «С.У.Ч.»га карата КР КЖК 209-беренесинин, 4-бөлүгүнүн, 1-пункту (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча айып тагылып, анын баш коргоо чарасы тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алуу түрүндө тандалып алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.