www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия менен Украинанын ортосундагы 2014-жылы Крым аннексиялангандан кийин башталган жаңжал 2022-жылы толук масштабдагы саясий-аскердик кагылышка айланып, бүгүнкү күндө эл аралык укукту жана дүйнөлүк геосаясий балансты кайра карап чыгууга мажбурлады. 

Ырасында, Россия менен Украинанын ортосундагы согуш – бул жөн гана аймактык жаңжал эмес, бул дүйнөлүк тартипти кайра аныктаган геосаясий тиреш. Бул жаңжал жакын арада аякташы күмөн. Бирок анын жыйынтыгы келечектеги эл аралык саясатты, дүйнөлүк коопсуздук архитектурасын жана экономикалык байланыштарды түп-тамырынан өзгөртө турган окуя болуп калмакчы. 

Натыйжада, дүйнө жүзүндө көптөгөн өлкөлөр өздөрүнүн армиялык кубатын күчөтүү, ошондой эле жаңы коопсуздук альянстарын түзүү аракеттерин көрүү учурдун талабы экенин түшүнүп, бул багыттагы саясий-стратегиялык мамилеге кылдаттык менен аяр мамиле жасап, өздөрүнүн ички резервдик мүмкүнчүлүктөрүн жаңыча кароого түрткү берди.

Ошондой эле, Батыш дүйнөсүнүн (АКШ, Европа биримдиги, НАТО) Россияга жана анын өнөктөштөрүнө каршы киргизген экономикалык санкциялары глобалдык соодага терс таасирин тийгизди. Өнөр жай, энергетика кризиси жана башка тармактарда, айыл чарбада азык-түлүккө, өндүрүштө жаңы технологиялык жабдууларга болгон товарлардын баасынын өсүшү, дүйнөлүк инфляциянын жогорулашына алып келди. 

Мындай абал, жаңы соода байланыштардын, дипломатиялык алакалардын кайрадан жаңылануусуна негиз түздү. Россия Батышка болгон соода байланыштарын  Кытай жана Индияга буруп, көптөгөн узак мөөнөттөгү экономикалык жана саясий байланыштарды чыңдоого өттү. 

Россиянын арзан газ-нефтесинен кол жууган Европа газ жана нефть менен камсыздоо стратегиясын жаңылоого мажбур болуп, бул өз кезегинде кымбатчылыкка негиз түзүп, рыноктун өзгөрүшүн шарттады. Энергиянын альтернативдүү булактарына болгон кызыкчылыктар өстү.

Эми келечекете жаңы өнүгүү чөйрөлөрү, башкача айтканда жаңы технологиялар, жасалма интеллект жана кайра жаралуучу энергиялар сыяктуу жаңы тармактардын өсүшү экономикада чоң мааниге ээ болот. Геосаясий өзгөрүүлөр бул тармактардын өнүгүүсүнө чоң таасир этет.

Жаңжалдын келечектеги мурасын түшүнүү үчүн, дүйнөлүк коомчулукка көп кырдуу, сабырдуу жана компромисске негизделген чечимдерди табуу керек болот. Дүйнө туруктуу глобалдык бейпилдикке жана экономикалык өсүшкө жетишүү үчүн дипломатиялык жолдорду издөөнүн мааниси чоң экенин түшүнө турган мезгил келди.

Булак: NazarNews

Последние новости