www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы зергерчилик тармагындагы субъекттерге жеңилдетилген насыя берүү тартиби бекитилгенин маалымдайт.

Аталган тартип Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги тескемеси менен бекитилип, зергерчилик тармагындагы субъекттерге жеңилдетилген насыя берүүнү карайт.

Жеңилдетилген каржылоо зергерчилик тармагындагы субъекттерге жабдууларын жаңылоого мүмкүнчүлүк берип, өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүүгө жагымдуу шарттарды түзөт жана ата мекендик зер буюмдарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Долбоор мамлекеттин зергерчилик тармагын колдоо жана өнүктүрүү боюнча кезектеги системалуу кадамы болуп саналат. Аны ишке ашыруу алдыңкы мамлекеттик банктар «Айыл Банк» ААК жана «Элдик Банк» ААК аркылуу жүргүзүлөт.

Банктар төмөнкү шарттар менен насыя берүүгө же каржылоого милдеттендирилет:

• Суммасы 90 млн сомго чейин;

• Насыя мөөнөтү: 60 ай;

• Акыркы алуучу үчүн пайыздык ставка: жылдык 6 пайыз;

• Жеңилдетилген мөөнөт: 180 күн.

Катышуучу банктарга зергерлерге насыя берүүдө комиссияларды жана башка жыйымдарды алуудан баш тартуу сунушталды. Бул насыянын бизнес үчүн мүмкүн болушунча пайдалуу болуусун камсыз кылат.

Ошондой эле долбоорду 2028-жылга чейин кийинки мезгилдерге узартуу каралган.

Салык кызматы жана КРдин Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти долбоордун алкагында жеңилдетилген насыя алган карыз алуучулар тарабынан каражаттардын максаттуу пайдаланышына мониторинг жүргүзөт.

Эскерте кетсек, Президенттин Жарлыгын аткаруунун алкагында акыркы бир нече ай ичинде бул тармакты колдоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлгөн.

Тактап айтканда, тармак үчүн салык жүгү төмөндөтүлдү (азыркы учурда жүгүртүүдөн алынуучу салыктын ставкасы 0,25%ды түзөт), ата мекендик өндүрүүчүлөргө Лондон фиксингинен 2% төмөн баада алтын алуу мүмкүнчүлүгү 180 күнгө чейин төлөмдү кийинкиге жылдыруу менен берилди.

 

Последние новости