www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) делегациясы менен биргеликте Кара-Балта шаарына жумушчу сапары менен барышты. Бул иш сапар катуу тиричилик калдыктарын экологиялык жактан коопсуз башкарууга өтүү боюнча улуттук стратегияны ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп калды.
Сапардын жүрүшүндө катышуучулар шаардык таштанды төгүүчү жайдын учурдагы абалына деталдуу текшерүү жүргүзүп, жаңы санитардык полигондун курулушу үчүн бөлүнгөн жер тилкесин изилдешти. Жагымсыз жыттарды толугу менен жок кылууга гана эмес, зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышын минималдаштырууга, ошондой эле объектте өзүнөн-өзү өрт чыгуу коркунучун алдын алууга мүмкүндүк берген жапондук «Фукуока» технологиясын колдонууга өзгөчө басым жасалды.
Локация менен таанышуу эксперттерге долбоорлоону баштоо үчүн зарыл болгон техникалык параметрлерди аныктоого шарт түздү. Бул иш сапар Министрликтин жана эл аралык өнөктөштөрдүн долбоорду ишке ашыруунун активдүү фазасына даяр экендигин тастыктады. Белгилей кетсек, долбоор үчүн 4 миллион АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлүнүүдө.
Заманбап полигондун курулушу Кара-Балта шаарынын жана Чүй облусунун Жайыл районундагы 32 айылдын таштандыларын жайгаштырууга байланышкан курч экологиялык маселелерди чечүүгө багытталган. Мындай инновациялык чечимдерди киргизүү жарандардын ден соолугун ишенимдүү коргоону камсыздайт жана аймактын туруктуу өнүгүүсүнүн пайдубалы болуп калат.