www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Табып Ашым (Хашим) Зайналиев анын элди өз алдынча дарылашынча тыюу салган соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

19-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, анын элди дарылашына, лицензиясы жок дары-дармектерди колдонушуна тыюу салган. Буга райондук прокуратуранын өтүнүчү себеп болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы козгогон кылмыш ишине байланыштуу Зайналиев 2018-жылдын 22-декабрында камакка алынган. Быйыл 21-январда Бишкектин Октябрь райондук соту жабыркоочу тарап доосу жок экенин айткандан кийин табыпка карата кылмыш ишин токтоткон. Ал сот залынан бошотулуп, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген.

Саламаттык сактоо министрлиги Зайналиевди жоопко тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, кайра жабылып калган. Министрлик ал кайрадан оор дартка чалдыккан бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей турганын эскертип келет - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости