www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Юнусалиев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкесинде жашыл аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин аталган тилкеде мыйзамсыз уюштурулган унаа кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар аныкталган. Алар шаардык чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизип, жашыл көчөттөрдүн өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып келген.

Учурда «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын адистери аймакты кийинки көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине даярдоо максатында жер кыртышын төмөндөтүү иштерин жүргүзүүдө.

Аталган иштерге эки даана атайын техника жана «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын он кызматкери тартылган.

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы борбор калаанын жашыл аймактарын өнүктүрүү жана сактоо боюнча системалуу иштерди улантып, Бишкек шаарынын тургундары үчүн экологиялык жактан таза жана жашыл, ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырууда.

Последние новости