www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоо жана референдум күндөрү иштей турган Коомдук байкоо борборун уюштуруу тартибин бекитти. Бул тууралуу комиссиядан билдиришти.
Борбордун негизги максаты — добуш берүү күнү шайлоо участокторунан түз эфирдеги видеокөрсөтүүлөрдү көрүүгө шарт түзүү жана шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу.
Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле кызыкдар адамдар белгиленген талаптарды сактоо менен кире алышат.
Келүүчүлөр каттоодон өтүп, убактылуу бейдж алышат. Борбордо үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында колдонууга жана шайлоочулардын добуш берүү эркиндигин аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.