www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Нарын облусунун Кочкор районуна иш сапары менен барып, сел жана суу каптоо катталган аймактардагы абал менен жеринде таанышты.

Министр табигый кырсыктан жабыркаган тилкелерди кыдырып, жүргүзүлүп жаткан авариялык-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн текшерди. Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ӨКМ кызматкерлери жана тиешелүү мекемелер менен биргеликте кырдаалга баа берди.

Иш сапардын жыйынтыгында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин азайтуу боюнча биринчи кезектеги чаралар аныкталып, калыбына келтирүү жана алдын алуу иштерин ыкчам жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди.

Тактап айтканда:

• Көл-Үкөк жайлоосуна алып баруучу көпүрөнү сел суулары агызып кеткендиктен, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимге көпүрөнү мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө калыбына келтирүүнү сунуштады.

• Кара-Күнгөй айылындагы селден коргоочу дамбада жана суу өткөрүүчү тилкелерде суунун агымын жөнгө салуу, дамбанын бекемдигин күчөтүү жана кошумча алдын алуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү тапшырылды.

• Тиешелүү кызматтарга селдин кесепеттерин толук тактоо, келтирилген зыянды баалоо жана калк үчүн коопсуздукту камсыздоо боюнча иштердин күчөтүлүшүн белгиледи.

Эске салсак, 2026-жылдын 1-июлунда Кочкор районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Сары-Булак, Кара-Суу жана Кара-Күнгөй айылдарында сел жүрүп, ички жолдорду, турак үйлөрдүн короолорун жана инфраструктуралык объектилерди каптаган. Көл-Үкөк жайлоосуна баруучу көпүрө жараксыз абалга келип, Кара-Күнгөй айылында дамбадан суу ашып кетүү коркунучу жаралган. ӨКМ, Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик тарабынан калкты коопсуз жайга эвакуациялоо жана дамбаны бекемдөө боюнча ыкчам иштер жүргүзүлгөн.

Последние новости