www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто никаб кийген студент кыздарга айып пул салынды

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде окуган үч студент кызга коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөнү үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-октябрда милиция кызматкерлери университеттин медицина факультетинде диний радикализм, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча студенттер менен жолугушуу өткөрүшкөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жүзүн толугу менен жаап жүргөн үч студентти байкап, алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Андан соң студенттерге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 127-1-беренесине ылайык, ар бирине 20 миң сомдон, жалпы 60 миң сом айып пул салынган.

Милиция коомдук жайларда адамдын жүзүн таанууга мүмкүнчүлүк бербеген кийим кийүүгө байланыштуу мыйзамдык чектөөлөр бар экенин эскертти.

Последние новости