www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында таза суу курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүүдө.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Нарын районунун Учкун айылындагы таза суу системасынын курулушунда техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптары толук сакталбагандыгы аныкталды.

Натыйжада, “Профит Экспресс” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин негизинде 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык курулуш компанияларын мыйзам талаптарын, курулуш ченемдерин жана техникалык нормаларды так сактоого чакырды.

 

 

 

Последние новости