www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы эки жыл ичинде Израиль менен Палестинанын ортосундагы куралдуу кагылыштардын натыйжасында 60 миңден ашык бала каза болду же жараат алды, — деп билдирди Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Женевадагы маалымат жыйынында. Бул тууралуу NazarNews агенттигине Кытайдын CCTV-plus маалымат агенттиги билдирди.

ЮНИСЕФтин өкүлү Рикардо Пирес белгилегендей, жаңжал аймагында ар 17 мүнөт сайын бир бала каза болуп же жараат алып жатат. Ал бул көрүнүштү «кабыл алынгыс» жана «коркунучтуу» деп атады.

«Балдар өтө узак убакыттан бери физикалык жана моралдык азапты баштан кечирип келишет. Алар күн сайын дал өз көзү менен эч бир бала көрбөшү керек болгон үрөй учурган көрүнүштөргө күбө болушууда», — деди Пирес.

Тукум улоо шарттары да оор

ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Газада ар бир бешинчи ымыркай мөөнөтүнөн мурда төрөлүүдө, бирок аларды жашатып калуу үчүн жетиштүү медициналык шарттар жок. Уюмдун билдиришинче, балдар кээде кислород маскаларын бири-бирине алмаштырып колдонууга аргасыз болушууда, анткени жабдуу жетишсиз.

Ошондой эле, түндүк Газадан эвакуацияланган наристелер үчүн инкубаторлор жана жасалма дем алдыруучу аппараттарды жеткирүү дагы эле кечеңдеп жатканын кошумчалады. Гуманитардык жардам көрсөтүү жолунда тоскоолдуктар көп болуп жатат.

Жалпы жоготуу — 67 миңден ашты

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин чабуулдарынан 67 160 адам каза болуп, 169 679 киши жаракат алган. Бул расмий маалымат 2025-жылдын 6-октябрында жарыяланган.

Алардын ичинен миңдеген балдар ар кандай деңгээлде жабыркаганы айтылууда.

Жаңжалдын эң чоң курмандыгы — балдар

Израиль менен Палестина ортосундагы узак мөөнөттүү жаңжал — эл аралык коомчулукту, өзгөчө балдардын тагдырын ойлонто турган чоң гуманитардык маселе бойдон калууда. ЮНИСЕФтин акыркы отчёту — согуштардын эң негизги курмандыгы жоокерлер эмес, күнөөсүз балдар экенин дагы бир жолу далилдеп турат.

Саясий же аскердик кызыкчылыктардан мурда балдардын коопсуздугу, жашоо укугу жана ден соолугу корголушу керек. Антпесе, бир нече муундун тагдыры бузулуп, жаңжалдын изи кылымдарга калышы мүмкүн.

ЮНИСЕФ: “Бизге жардам берүүгө уруксат берилбей жатат”

ЮНИСЕФ өкүлүнүн айтымында, учурда Газада уюмдун кызматкерлери дагы деле болсо жабдуу жана гуманитардык жардам жеткирүү боюнча расмий уруксатты күтүп жатышат.

«Биз жабыркаган балдарды куткаруу үчүн аракет кылып жатабыз, бирок жеткирүү каналдарына уруксат берилбей жатат. Балдардын өмүрү кечигүүгө туруштук бербейт», — деди Пирес.

Последние новости