www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бостеридеги «Алтын кум» пансионатынын аймагында кечээ, 8-августта Ысык-Көлгө түшүп жаткан кызды катер сүйрөп кетти. Бул тууралуу АКИpress агенттигине жабырлануучу Айдана Зулумова өзү билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Көлгө Бишкек шаарынан достору жана туугандары менен бирге барган. Сууга түшүп жатканда катерге байланган парашюттагы трос менен сүйрөлүп, 200-300 метр тереңдикте калган.
«Катердин айдоочусу кулакка таккыч (наушник) менен жүргөнүн жана эч нерсе укпаганын айтты. Бирок ошол учурда баары кыйкырып жаткан. Менин жанымда эжем жана досум бар болчу», - деди жабырлануучу.
Ал курсак тарабынан жаракат алып, Чолпон-Ата аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал эми Ысык-Көл РИИБден мындай факт катталганын билдиришти.
Булак: NazarNews.kg