www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак үй Дональд Трамптын Кытайга сапары 14–15-май күндөрүнө белгиленгенин билдирди. АКШ президенти Пекинге барып, Кытай лидери Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Бул тууралуу брифингде Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт билдирип, алдыдагы жолугушууну көптөн күткөн маанилүү кездешүү деп атады.
Анын айтымында, ушул эле жылы АКШ президенти жана биринчи айым Мелания Трамп Кытай лидери Си Цзиньпинди жана анын жубайын жооп сапары менен Вашингтон шаарында кабыл алышат.
Буга чейин АКШ президентинин Кытайга сапары 31-март – 2-апрель күндөрүнө пландалган болчу. 15-мартта Дональд Трамп Financial Times басылмасына берген маегинде сапар кийинкиге жылдырылышы мүмкүн экенин айткан.
Ал Кытайды Иран мунайынын ири импорттоочуларынын бири деп атап, Ормуз кысыгы аркылуу деңиз каттамын калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө чакырган. Болбосо, ал расмий сапарын жылдыруу мүмкүн экенин эскерткен.