www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда УКМК төрагасынын кубогу үчүн спорттун оюн түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада жыйынтыкталды.
Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Спартакиадага УКМКнын бардык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери жана мекеменин ардагерлери катышты.
Мелдештер эркектер арасында футбол, волейбол, баскетбол жана шахмат боюнча, ал эми кыз-келиндер арасында баскетбол боюнча эстафета, 1000 метрге чуркоо жана дартс боюнча өттү.
Жабылыш аземинде УКМК төрагасы, генерал-майор М. Асаналиев спортту өнүктүрүүнүн жана кызматкерлердин дене тарбия даярдыгын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, үзгүлтүксүз машыгуулар тартипти, командалык духту жана жалпы күжүрмөн даярдыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.
Спартакиада сергек жашоо образын жайылтуу, мыкты спортчуларды аныктоо жана күч түзүмдөрүндө корпоративдик духту бекемдөө максатында өткөрүлөт.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө УКМК төрагасынын кубогу жана байгелери тапшырылды.