www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда «Кыргызалтын Резорт» ден соолукту чыңдоо борборунун расмий ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты.

Жаңы борбор мурдагы «Кыргыз деңизи» санаторийин комплекстүү модернизациялоонун биринчи этабы аяктагандан кийин пайдаланууга берилди.

Өткөн жылы Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде объект тоо-кен тармагында эмгектенген кызматкерлердин эс алуусун жана ден соолугун чыңдоо максатында «Кыргызалтын» ААКнын башкаруусуна өткөрүлгөн.

Ачылыш аземинде Эрлист Акунбеков мамлекет башчысы курорттук аймактарды өнүктүрүү, туристтик инфраструктураны жаңылоо жана эс алуу жайларынын сапатын жакшыртууну мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгилегенин айтты.

Анын айтымында, жаңыланган борбор жарандардын ден соолугун чыңдоого жана өлкөнүн туристтик потенциалын арттырууга кызмат кылат.

Модернизациянын алкагында башкы корпус, инженердик тармактар, аймак жана конок бөлмөлөрү толугу менен жаңыланып, заманбап эмерек жана техникалар менен жабдылды.

Ошондой эле узундугу 205 метр болгон жаңы пирс курулуп, көп жылдан бери иштебей турган ачык бассейн кайра пайдаланууга берилди.

Учурда эл аралык талаптарга жооп берген көп функционалдуу спорт комплексинин курулушу уланууда.

Последние новости