www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Даймонд Резорт» комплексинде курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуу фактылары аныкталып, объекттеги иштер убактылуу токтотулду.
Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө коттедждер жана апарт-отелдер курулуп жаткан объектте курулуш ченемдери, техникалык регламенттер жана колдонуудагы талаптар толук сакталбаганы аныкталган.
Анын негизинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Эмма Курулуш» ЖЧКсына мыйзам бузууларды четтетүү боюнча милдеттүү көрсөтмө берилип, 200 миң сом айып пул салынды.
Белгиленгендей, аныкталган мыйзам бузуулар толугу менен жоюлуп, объект мыйзам талаптарына ылайык келтирилгенге чейин курулуш иштери убактылуу токтотулат.