www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лавров: Зеленский Европанын жаңы фюрери

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Владимир Зеленскийди Европанын жаңы фюреринин ролун ойноп жатканын билдирди. Ал мындай пикирин Индияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында айтты.

Лавровдун айтымында, Германия бүгүнкү күндө Европада нацизмди колдогон күчтөрдүн башында турат жана бул процессте Зеленский символдук лидердин ролун аткарууда.

«Азыр фюрердин ордуна Зеленский коюлду. Анын айланасында европалык өлкөлөрдүн жаңы бирикмеси түзүлүп жатат. Бул демилгелердин башында Германия турат», — деди министр журналисттерге.

Ошондой эле ал мындай көрүнүштөр тарыхтагы кайгылуу окуяларды эске салып, олуттуу кооптонууну жаратарын белгиледи.

«Бизди тынчсыздандырганы — мындай процесстердин тарыхта кандай аяктаганын жакшы билебиз. Ошондуктан мындай көрүнүштөрдүн кайталанышына жол берилбеши керек», — деп кошумчалады Лавров.

Последние новости