www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков акыркы 10 жылдын ичинде Ысык-Көлдө суунун деңгээли 47 см чейин түшкөнүн билдирди.
- Ысык-Көлдүн тегерегинде тамчылатып сугаруу системасын киргизиш керек. Ошондо Ысык-Көлгө куюп жаткан 60тан ашык дарыянын суусу көлгө толук кирет. Андан тышкары эс алуу жайларынан, автоунаа жуучу жайлардан чыккан сууну кайра иштете турган долбоор иштеп жатабыз”, – деди ал.
Ысык-Көлгө бир жылда алты миллиард куб/метр суу куят. Анын 2 млрд метр кубу жамгыр аркылуу, 2 млрд жер астынан, калганы өзөн суулардан топтолот.
Ысык-Көлгө Барскоон, Жууку, Чоң-Кызыл-Суу, Жети-Өгүз, Каракол, Ак-Суу, Түргөн, Түп жана Чоң Ак-Суу куят. Мурун көлгө 118ге чейин чоң жана майда суу келип кошулса, акыркы он жылда алардын саны 30га чейин кыскарган.
Соңку байкоо боюнча Ысык-Көл жарым метрге тайыздап, жээги 5-10 метрге чейин, айрым жерлери 30дан тартылган. Жаз-жай айларында көлгө куйган өзөн-сайлар кургап калууда.