www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралар 20–22-октябрь күндөрү өткөрүлүп, анда өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташуу, рэкетчилик, синтетикалык баңгизаттарды жана психоактивдүү заттарды колдонуу жана таратуу фактыларын аныктоого өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын алкагында билим берүү мекемелеринде жана айыл аймактарында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өспүрүмдөргө мыйзам талаптарын сактоонун маанилүүлүгү эскертилди.

Последние новости